Биз социалдык тармакта

Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбековго Коргоо министрлиги медаль такты

Бүгүн, 19-ноябрда балбандар Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков Коргоо министрлигинин медалдары менен сыйланышты. Бул тууралуу Жоламан Шаршенбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, Борбордук аскердик спорт клубунун спортчусу Жоламан Шаршенбековго жана кенже лейтенант Акжол Махмудовго 2-даражадагы ”Артыкчылыгы үчүн” медалы ыйгарылды.

Иш-чара Куралдуу күчтөрдүн Күжүрмөн даярдык борборунда өтүп, ага Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан