Мамлекеттик бажы кызматы "Нарын эркин экономикалык аймагында" бажы эрежелерин бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда аталган мекемеден билдиришти.Маалыматка ылайык, текшерүүдө "Ц.п.ж.м. "К.-К.-У." жоопкерчилиги чектелген коому эркин бажы аймагы жол-жобосу менен өлкөгө 1 миллион 674 миң 253 килограмм чет элдик чийки зат алып келгени белгилүү болгон. Бирок анын 575 миң 253 килограммынын кайда экенин тастыктаган документтер табылган эмес.
Бул көлөмдөгү товар үчүн төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрү 4 миллион 346 миң 427 сомду түзгөн.
"Текшерүүнүн материалдары укуктук баа берүү үчүн Бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп, мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлдү",- деп айтылат маалыматта.