Абу-Дабидеги жаңжалдан кийин камакка алынган аралаш мушташ өнөрүнүн өкүлдөрү Усман жана Умар Нурмагомедовдор Орусияга кайтып келишти. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда чет элдик басылмалар билдиришти.
Маалым болгондой, буга чейин мушкерлерди бошотуу боюнча Хабиб Нурмагомедов Абу-Дабинин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Эске салсак, 11-ноябрда Абу-Дабидеги мейманканалардын биринде Усман Нурмагомедов менен грузиялык мушкер Мераб Двалишвилинин командаларынын ортосунда массалык мушташ чыккан. Окуядан кийин бир нече адам кармалып, сот аларга алты айлык эркинен ажыратуу жазасын берген. Бүгүн алар Орусияга кайтып келишти.