Биз социалдык тармакта

4 миллион сом зыян... Жалал-Абадда 64 адамга мыйзамсыз пенсия чегерилгени аныкталды

Жалал-Абад облусундагы Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын жооптуу кызматкерлери жасалма маалымкаттар аркылуу 64 адамга мыйзамсыз пенсия чегерген. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Башкы прокуратура билдирди.

Маалымдалгандай, текшерүүдө кызматкерлер тиешелүү медициналык-социалдык экспертизаларды өткөрбөстөн, "ИС МСЭК" маалыматтык системи аркылуу жасалма маалымкаттарды түзгөнү аныкталды.

Натыйжада 2025-2026-жылдары мамлекетке 4 миллион сомго жакын зыян келтирилгени кошумчаланды.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан