Кыргызстандын “Номад ТВ” телеканалы менен Ливан Республикасынын “Аль-Маядин” жаңылыктар телеканалы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Келишим медиа тармагындагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачып, жаңылыктар, контент жана кесиптик тажрыйба алмашууну карайт.
Тараптар биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууну, маалыматтык материалдар менен алмашууну жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү бекемдөөнү көздөшүүдө. Меморандум Жакынкы Чыгыштагы, Кыргызстандагы жана КМШ өлкөлөрүндөгү окуяларды кеңири жана объективдүү чагылдырууга багытталган жаңы идеялар менен биргелешкен демилгелер үчүн негиз болот.
“Аль-Маядин” телеканалынын Москвадагы бюросунун жетекчиси Шеайто Муссалам Мохамад эки телеканалдын кызматташтыгы тууралуу пикирин билдирди.
“Биздин телеканалдар Чыгышка таандык жана өлкөлөрүбүздү жалпы тарых байланыштырып турат. Биздин салт-санааларыбыз жана үрп-адаттарыбыз окшош. Чыгышта биз кызматташтык жана достук баалуулуктарын карманабыз. Бул баалуулуктар биргелешип жана ар бирибиздин өз алдынча өнүгүүбүзгө мүмкүнчүлүк берет.
“Номад“ жана “Аль-Маядин“ телеканалдарынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишим көрүүчүлөрүбүзгө окуялардын реалдуу көрүнүшүн жеткирүүгө шарт түзөт”, - деди ал.
Ал эми “Номад ТВ” телеканалынын башкы редактору Наталья Кролевич “Аль-Маядин” араб медиамейкиндигиндеги көрүнүктүү телеканалдардын бири экенин белгиледи.
“Аль-Маядин” көп жылдан бери Жакынкы Чыгыштагы жана дүйнөдөгү негизги окуяларды чагылдырып келет. “Номад ТВ“ үчүн мындай телеканал менен кызматташуу кесиптик байланыштардын географиясын кеңейтүү гана эмес, араб өлкөлөрүнүн аудиториясына Борбор Азия жана Кыргызстан тууралуу жаңы маалымат булагын ачуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат", - деди Наталья Кролевич.
"Номад ТВ" телеканалы тууралуу
"Номад ТВ" - кыргыз-орус медиадолбоору. Телеканал орусиялык НТВ телеканалынын берүүлөрүн ретрансляциялоо менен катар өзүнүн жергиликтүү маалыматтык-аналитикалык контентин даярдайт. Анда Орусия менен Кыргызстандын кызматташтыгына, ошондой эле Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) жана Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) сыяктуу эл аралык бирикмелердеги ролуна өзгөчө көңүл бурулат.
"Номад ТВ" Кыргызстандагы аймактын болжол менен 70 пайызын камтыган мамлекеттик санариптик мультиплекске кирет. Ошондой эле өлкөдөгү ири кабелдик тармактардын баарында көрсөтүлүп, санариптик платформаларда активдүү өнүгүүдө. Телеканалдын социалдык тармактардагы жалпы аудиториясы 700 миңден ашуун катталуучуну түзөт.
"Номад ТВ" - Кыргызстандагы түз эфир учурунда көрсөтүү тилин алмаштыруу технологиясы колдонулган жалгыз телеканал. Көрүүчү пульттагы бир баскычты басуу менен орус же кыргыз тилин тандай алат. Котормону орус жана кыргыз филологиясы жаатында терең билими бар синхрондук котормочулар аткарышат. Сапаттуу адабий котормонун аркасында кыргыз тилдүү көрүүчүлөр НТВ жана "Номад ТВ" телеканалдарында көрсөтүлгөн программаларды жана тасмаларды маанисин жоготпой түшүнө алышат.