"Бишкек Арена" стадионунда 2027-жылы концерттерди өткөрүү каралган эмес. Учурда негизги көңүл футболго бурулуп, стадиондун жетекчилиги оюндардын календарын күтүп жатат. Бул тууралуу аренанын директору Нурмухаммед Эшматов басылмаларга билдирди.
"Ошондой эле стадиондун футбол талаасын жаңылоо иштери башталды. Учурда жумушчулар таштарды тазалап, жер кыртышын даярдап жатышат. Жакын арада сугат түтүктөрү төшөлүп, жазында газон себилет", - деп билдирди ал.