Агасына бөйрөгүн донор катары берүүгө даяр болгон жаран президенттин ырайымы менен абактан бошотулду. Бул тууралуу кечээ, 19-ноябрда анын агасы Рустам Гапуров социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган видеокайрылуусунда билдирип, президент Садыр Жапаровго ыраазычылык айтты.
Буга чейин президент Аксы районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушканда бир жаран инисине ырайым берүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, иниси Орусияда экстремизм боюнча айыпталып, Кыргызстанга экстрадицияланган. Ал 7 жыл жаза өтөп, дагы 3 жылдык мөөнөтү калган.
Жолугушууда жаран иниси ага бөйрөгүн донор катары берүүгө даяр экенин да билдирген.
Инисинин бошотулганына кубанган Рустам Гапуров видеокайрылуусунда учурда иниси Бишкекте экенин жана жакынкы 2-3 күндүн ичинде үйүнө келерин айткан.
Ал инисинин ден соолугун текшерткенден кийин бөйрөк алмаштыруу операциясына даярдык көрүшөрүн кошумчалады.