Баткен облусунун Лейлек районунда сейрек кездешүүчү эки баш Северцов аркары малдын арасында жайылып жүргөнү видеого тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, тоолуу аймакта мал багып жүргөн жергиликтүү тургун тоодон ылдый түшүп келген жапайы жаныбарларды көрүп, аларды видеого тартып алды.
"Министрликтин Баткен аймактык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын аягында жүргүзүлгөн эсепке алуунун жыйынтыгында Баткен облусунда Северцов аркарынын 144 башы катталган",- деп айтылат маалыматта.
Маалымат үчүн: Северцов аркары — Кыргызстандын тоолуу аймактарында жашаган жапайы туяктуу жаныбарлардын бири. Анын табигый жашоо чөйрөсүн сактоо жана санын көбөйтүү биологиялык ар түрдүүлүктү коргоодо маанилүү.