Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп Чыңгыз Эсенгул уулу дайындалды. Бул тууралуу кечээ, 19-ноябрда аталган министрлик билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Белгилей кетсек, ал 2021-2025-жылдары маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, кийин биринчи орун басары болуп иштеген. Министрликтеги кызматынан кийин ал Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлү болуп эмгектенди.