Ысык-Көл облусунун Барскоон айыл аймагында жер тилкелерин максаттуу багыты боюнча пайдаланбаган 3 жаран аныкталып, аларга айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар аталган министрликке караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Ысык-Көл облустук башкармалыгы жүргүзгөн мониторингдин жүрүшүндө аныкталды.
"Үч жаранга тең Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 239-беренесине (жерлерди пайдалануу эрежелерин бузуу) ылайык административдик айып пул салынды. Мыйзам бузууларды үч айдын ичинде жоюу боюнча жазма буйруктар берилди", - деп айтылат маалыматта.