Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында "Ала-Тоо Резорт" тоо кластеринин ачылышында белгилүү француз аткаруучусу Willy William ырдайт. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Маданият министрлиги билдирди.
Маалымдагандай, тоо кластеринин биринчи этабынын ачылышына арналган иш-чара 1-декабрда саат 13:00дө башталат. Бардык каалоочулар үчүн кирүү акысыз.