Биз социалдык тармакта

“Альянс Алтын” алгачкы студенттик кейс-чемпиондугун өткөрөт

Бишкек шаарында 9-10-декабрь күндөрү алгачкы жолу “Альянс Алтын” студенттик кейс-чемпиондугу өтөт. Эки күндүн ичинде катышуучулар тоо-кен тармагында иш алып барган компаниянын ишмердүүлүгүндөгү реалдуу маселелердин үстүндө иштеп, өз чечимдерин эксперттерге сунушташат. Чемпиондук Кыргыз-Орус Славян университетинин (КРСУ) базасында уюштурулат.

Катышуучуларга үч багыт сунушталат: маалыматтарды талдоо (дата-аналитика), продукт иштеп чыгуу жана дизайн. Ага IT, техникалык, экономикалык жана чыгармачыл адистиктерде билим алган бардык курстун студенттери катыша алышат.

Чемпиондуктун негизги өзгөчөлүгү - студенттер окуу мисалдарынын ордуна бизнестин реалдуу маселелери менен иштешет. Командаларга белгиленген убакыт ичинде тапшырманы талдап, чечим табуу жана өз сунуштарын “Альянс Алтын” компаниясынын эксперттеринин алдында негиздеп берүү милдети жүктөлөт.

Бул чемпиондук студенттер үчүн практикалык тажрыйба топтоого, команда менен иштөөгө жана компаниянын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мындан тышкары, катышуучулар “Альянс Алтын” компаниясында стажировкадан өтүү үчүн тандоодо артыкчылыкка ээ болушат. Ал эми мыкты деп табылган командалар үч байгелүү орундун бирин ээлешет.

Кейс-чемпиондук 9-10-декабрь күндөрү Бишкек шаарындагы Киев көчөсү, 44 дарегинде жайгашкан КРСУда өтөт.

Каттоо башталды. Арыз берүү жана кененирээк маалымат алуу үчүн aacase.tec сайтына кирүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан