Биз социалдык тармакта

Амир Кунакуновдун өлүмү үчүн ӨКМдин үч кызматкери кызматтан алынды

Бүгүн, 11-ноябрда 15 жаштагы Амир Кунакуновдун каза болушуна байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кадрдык чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалым болгондой, текшерүүнүн жыйынтыгында издөө-куткаруу иштерин уюштурууда, маалыматты өз убагында жеткирүүдө жана кызматтардын өз ара аракеттенүүсүндө олуттуу кемчиликтер аныкталды.

Натыйжада, министрдин орун басары Алмазбек Асанов, кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы Азис Эгембердиев жана куткаруучуларды даярдоо боюнча мамлекеттик борбордун жетекчиси Тынарбек Мурашов кызматтарынан бошотулду.

Эске салсак, 7-ноябрда эртең менен Амир Кунакунов үйүнөн чыгып, чуркоо боюнча мелдеш өтүп жаткан "Ала-Арча" жаратылыш паркына барган. Бирок жаш курагына байланыштуу мелдешке катышууга уруксат берилбегендиктен, өспүрүм Адыгене капчыгайын көздөй өз алдынча кеткен. Ошол эле күнү кечинде ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигине телефон чалып, тоодо адашып калганын билдирген. Андан көп өтпөй аны менен байланыш үзүлгөн.

9-ноябрда өспүрүмдүн сөөгү "Электро" чокусунан табылып, 10-ноябрда жерге берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан