Биз социалдык тармакта

Дүйнө чемпиону Данияр Мелисовго айылдаштары аргымак мингизишти (видео)

Кечээ, 23-ноябрда дзюдо боюнча дүйнө чемпиону Данияр Мелисовду айылдаштары салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу анын жакындары социалдык тармактарга жарыялашты.

Маалым болгондой, Жангарач айылынын тургундары спортчунун чоң жетишкендигине кубанып, аны өзгөчө урмат-сый менен тосуп алышты. Жеңиштин урматына эң башкы белек катары аргымак мингизишти. Ошондой эле, жолугушуу учурунда чемпионго ак тилектерин айтып, мындан аркы спорттук карьерасына ийгиликтерди каалашты.

Белгилей кетсек, Данияр Мелисов Ташкент шаарында өткөн 21 жашка чейинки спортчулар арасындагы дзюдо боюнча дүйнө чемпиондугунда 90 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, алтын медаль жеңип алган.

Данияр Мелисовго аргымак мингизишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан