Биз социалдык тармакта

Дүйнө чемпиону Данияр Мелисов менен Жанар Жолдошева мекенге келишти

Кечээ, 23-ноябрда Дүйнө чемпиондугунан Данияр Мелисов менен Жанар Жолдошева мекенине кайтып келишти. Бул тууралуу Дзюдо федерациясы билдирди.

Маалым болгондой, Ташкент шаарында дзюдо боюнча 21 жашка чейинки спортчулар арасында өткөн дүйнө чемпиондугуна катышкан Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү мекенине кайтып келишти. Спортчуларды "Манас" эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, федерациянын өкүлдөрү, жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Белгилей кетсек, дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандын атынан чыккан Данияр Мелисов алты атаандашын катары менен жеңип, алтын медаль жеңип алды. Ал эми Жанар Жолдошева - күмүш медалга ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан