Түркиянын Стамбул шаарында атактууларга байланыштуу баңгизат иши боюнча "Даңазалуу доор" сериалында Шах Султандын ролун аткарган актриса Дениз Чакыр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, кармалгандардын арасында ырчы жана актёр Өзжан Дениз, актриса Буржу Өзберк да бар. Стамбул прокуратурасы баңгизаттарды сатуу, таратуу, колдонуу жана сактоо фактылары боюнча тергөөнү улантууда.