Ырчы Айбек Карымовдун аткаруусунда бүгүнкү күндө өлкөдө орун алып жаткан саясий оюндарды түздөн-түз сындаган “Айкөлүм Манас болгондо” аттуу терме жарык көрдү. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 7-февралда SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, чыгарма бүгүнкү күндө өлкөдө орун алып жаткан теңсиздикке, бөлүнүүлөргө күйгөндөн улам жарык көрдү. “Муну терме деп койсо болот. Кубат Жакыповго таандык. Иштеп чыгып, жаздырганыма көп боло элек. Акындардан Шайлообек Дүйшеев угуп, “жакшы болуптур, эл сөзсүз угуш керек экен” деген баасын берди. Айрым радиолорго алып барсам, “тексти курч экен” деген маанидеги сөздөрдү айтып, албай коюшту. Саясий кысымдардан коркушса керек” деп кошумчалайт ырчы.
Терменин тексти:
"Айкөлүм Манас болгондо"
Атаӊдын көрү дүнүйө,
Адашып минтип турганда,
Айкөлүм Манас болгондо,
Калкыма кандай иш болмок,
Коррупция дегенге,
Кагыла турган шиш болмок.
“Түндүк-түштүк” дегендин,
.үшүрө чапмак түндүгүн,
Бөксө мээлерге жеткирмек,
Бөлүнбөс кыргыз бирлигин.
Эсине салмак элинин,
Эзелки кыргыз кимдигин.
Ак сакал Бакай болгондо,
Камчысын кезеп бийикке,
Моминтип айтмак өз сөзүн:
«Бөлүнбө, кыргыз, бөлүнбө,
Бөлүнсөӊ бөрү жеп кетет.
Бөлүнүп жатат кыргыз деп,
Бөлөк элге кеп кетет».
Кан Кошой келсе бул күндө,
Каӊырыгы түтөмөк.
Кара жемсөө далайды,
Коргонго айдап киргизип,
Кокосун кысып, бүтөмөк.
Кыргылчалдын тукумун,
Кылыч менен каӊдамак,
Абыке-Көбөш балдарын,
Ач буурадай чайнамак.
Алмамбет азыр болгондо,
Кытайдын жолун торгомок,
Кылыйып күлгөн кытмырдан,
Кыргызды күн-түн коргомок.
Акбалтанын Чубагы,
Арстандыгын билгизмек,
Алтыныӊ талап жатканды,
Айылына кууп киргизмек.
Эр Семетей болгондо,
Тентибейт эле журтубуз.
Уланат болчу бузулбай,
Улуудан калган уркубуз.
Эламандын сырттаны,
Эр Төштүк азыр болгондо,
Жерди тешип кен казган,
Жетесиз далай жемкорду,
Наркескенин кайрамак,
Жер алдында жайламак.
Чайкоочу мойнун күрмөтмөк,
Чалкуйрукка сүйрөтмөк.
Эр Табылды болгондо,
Эл ичин чыкмак аралап,
Кыргызды ичтен ириткен,
Каны бузук кай бирөөн,
Тамга басмак артына,
Көндүрмөк кыргыз салтына.
Буроолорун бурамак,
Бушманы болсо сурамак.
Коктуга бөлбөй кыргызды,
Кылымдык кылып кынамак.
Курманбек эгер келгенде,
Аты уйкашын таптырмак,
Абактыга жаптырмак.
Ачуусу келсе кокустан,
Ак үйүнүн алдына,
Аттырмак же астырмак.
Партияларды жыйнамак,
Арасында алардын,
Арам тамак, бок курсак,
«Аӊгилердин» далайын,
Алты бакса коргондон,
Ары-бери аттатып,
Алаасын айрып, кыйнамак.
Жол буугандарды жоготмок,
Тили узун кээ бир айымды,
Тикенекке бөлөтмөк.
Түштүктү бөлөм дегендин,
Түйрүп коймок бир жерин.
Телторусун теминип,
Токтотмок эле Курманбек,
Тексиздердин үргөнүн.
Ормон хан бүгүн келгенде,
Ордону бекем түптөмөк,
Ой терметип түн күзөп,
Осуятын күчтөмөк,
Ойт бермелерди карматып,
Омурткасын бүктөмөк.
Үзөңгү-Кууш, Каркыра,
Энчиси болмок кыргыздын,
Катылам десе кай бирөө,
Катыра жемек бир муштум.
Кан Жантай, Шабдан болгондо,
Калыстык туусун сайышмак,
Казакка кеткен жерлерди,
Кадиксиз кайрып алышмак.
Алымбек датка болгондо,
Кокондук артын кыпчытмак,
Анжияндык туугандар,
Атам кыргыз деп чыкмак.
Курманжан датка энебиз,
Кутманы болмок элинин,
Кул-кутанга тепсетпей,
Кулпусу болмок жеринин.
Ач көздөрдү айдамак,
Алайлык эмес алдына,
Алымбек датка келсе да,
Арам оокат жыйгандын,
Артына колун байламак.
Акыл, күчүн, намысын,
Ак калпак элге арнамак.
Энеси болмок кыргыздын,
Эртеӊин туймак турмуштун.
Калыгул атам болгондо,
Айтканым келген экен деп,
Көп кайгырып ыйламак,
Көсөлдөрдүн баарысын,
Көтмалдыга жыйнамак.
Аргымагын темине,
Акылын айтмак элине.
Дегенин толук болтуртмак,
Алтыны эмес Кум-Төрдүн,
Кумун да кайра толтуртмак.
Адилдик үчүн күрөшмөк,
Кыргызы минтип турганда,
Отурбайт эле күнөстөп.
Акелер келсе чогулуп,
Кул болбойт элек курсакка,
Баш салбайт элек кылтакка.
Тентибейт эле элибиз,
Тешилбейт эле жерибиз.
Бузулбайт эле элибиз,
Булганбайт эле көлүбүз.
Сарт болбойт элек сатынган,
Калк болбойт элек ачынган.
Биримдик үчүн турмакпыз,
Биригип оокат кылмакпыз.
Эр жигит элин коргомок,
Энелер пейлин оӊдомок.
Аталар чыкмак насилдүү,
Айтканы болмок таасирлүү.
Жакшылар журтту баштамак,
Жазылбайт беле каш-кабак.
Айланбайт элек чөөткө.
Алданбайт элек жөөткө.