Бүгүн вице-премьер-министр Камила Талиева А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын 70 жылдык мааракесине карата Эл аралык Опера жана балет искусствосу боюнча фестиваль өткөрүүгө каражат чогултуу максатында уюштурулган телемарафонго катышты. "Опера жана балет театрынын сахнасында Болот Миңжылкыев, Бүбүсара Бейшеналиева, Чолпонбек Базарбаев жана башка улуу таланттар чыгышкан. Баарыбыз кыргыз искусствосунун өнүгүшүнө чоң салымыбызды кошушубуз керек",- деп Камила айым аталган театрдын кызматкерлерин куттуктап, өкмөттүн атынан опера жана балет искусствосун өнүктүрүүгө 100 миң сом акча тапшырды.