Сүйөркул Тургунбаев китептерин К.Баялинов атындагы китепканага белек кылды
Өткөн кылымдын 70-жылдары “Кечки троллейбус” аттуу ыр китеби
менен кыргыз поэзия дүйнөсүнө чагылгандай жарк этип кирген Кыргыз Эл акыны
Сүйөркул Тургунбаев 70 жаштан ашса да, батирлеп жүргөнүн бийликтегилер билбесе
керек. Алдан тайып, китептерин ташый албай калган акын өмүр бою жыйнаган
300дөн ашуун китебин
Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы китепканага өткөрүп берди. Алардын
арасында Орусиянын ”Илим жана жашоо", “Элдердин достугу”, “Жаңы дүйнө” сыяктуу журналдарынын тиркемелери да бар.