Маалыматка ылайык, аталган жыйындын натыйжасында катышуучулардын сунуштары менен 7 пункттан турган резолюция кабыл алынды.
1. Бажы союзун референдум аркылуу кабыл алуу;
2. Чек ара жаатындагы маселелерди тез арада чечүү;
3. Жаш активисттерден жана жаңы кадрлардан турган жаңы өкмөттү түзүү;
4. КСДП фракциясына өкмөттү түзүүгө укук бербөө, анткени мурунку эки жолку аракети натыйжа берген жок;
5. "Коррупция менен күрөшүү" деген шылтоо менен президенттин оппоненттерине болгон күрөштү токтотуу;
6. Июнь окуялары боюнча иликтөө иштерин аягына чыгаруу;
7. Мамлекеттик телеканалдардын коомчулукта болуп жаткан окуяларды объективдүү жана ачык айкындап көрсөтүүсү.
Ошондой эле катышуучулар уюштуруу комитетине азыркы өкмөттү кетирүү жана ар түрдүү акцияларды өткөрүү максатында жаңы саясий кыймылды уюштурууну өтүнүштү.