Бүгүн, 2-апрелде Бишкекке иш сапары менен Американын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ниша Бисвал келет. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка таянсак, Ниша Бисвал алгач Казакстанда иш сапары менен болуп, анан Кыргызстанга келет. Анын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусу белгиленген.
Жолугушуунун жүрүшүндө ал президент менен регионалдык жана эки тараптуу кызматташуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Пакистан жана Түркия мамлекеттеринин диний мамилелеринин тажрыйбасы тууралуу кыргызстандык эксперттер менен ой бөлүшөт.