Баткен. Өкмөттүн облустагы өкүлү Жеңиш Разаков акиташ күйгүзүүнү мыйзамдаштыруу керектигин айтты

Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл округунда өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков жергиликтүү тургундар менен жолукту. 

Алгач Ак-Турпак айыл округундагы аткарылып жаткан иш-чаралар, жазгы талаа жумуштары боюнча маалымат берилди. Чогулуштагы негизги маселе газ тармагы тууралуу болду.

Маалым болгондой, Ак-Турпак айыл округундагы газ 1949-жылдан бери Өзбекстан тарабынан өндүрүлүп келген. Облустун өкүлү Жеңиш Разаков газ тармагын иретке келтирип, пайдаланууну мыйзамдаштыруу жана үнөмдөп, максаттуу иштетүүнү айтты. Ошондой эле акиташ күйгүзүүнү мыйзамдаштыруу керектигин баса белгилеп өттү.

Жыйынга Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы аким Акрам Мадумаров, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчынбай Төралиев, облустун прокурору Латип Жумабаев, УКМК башчысы Эдил Эрмеев катышышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Дилара Парпиева билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан