Депутат Ахматбек Келдибековго козголгон кылмыш иштери боюнча тергөө аяктады, бирок Келдибеков өзүнө тагылып жаткан айыпты угуудан баш тартууда. Муну парламенттин 17-апрелдеги жыйынында башкы прокурор Аида Салянова билдирди. Жыйында айрым депутаттар “Келдибеков жасабаган ишти кылмыш ишиндеги материалдарга жазып коюп, эми анын макулдугун сурап, кол коюусун талап кылып жатышыптыр” дешти.
Буга башкы прокурор макул эместигин айтты.
“Тергөө бүткөндөн кийин күнөөлөнүп жаткан адамга айыбы угузулат, аны айыпталуучу сөзсүз угушу шарт. Андан кийин ал кол коюп, иш сотко жиберилет. Бирок анын кол коюшу тагылган айыптарга макулдугун билдирбейт. Процесс ушундай... Бирок Келдибеков бизге мындай мүмкүнчүлүк бербей жатат, көптөн бери айыбын угуудан баш тартууда”,- деди Салянова.