Дастан Бекешев “Жогорку Кеңеште экскурсияларды өткөрүү бюрократташтырылып жатат” деди

Кыргызстандын парламентинде экскурсияларды өткөрүү бюрократташтырылып жатат”,- деп билдирди депутат Дастан Бекешев бүгүн, 23-апрелде парламент жыйынында.

 

Бүгүн депутаттар “Паралементте экскурсия өткөрүү боюнча” жобонун негизинде токтом кабыл алышты. ЖКнын Регламент жана депутаттык этика комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаева: “Бул жерде бир гана биз жүрбөйбүз, президенттин аппараты да бар”,- деди.  

Белгилүү болгондой, УКМКнын өкүлдөрү чакырылгандардын айрымдарын киргизбей коюуга укуктуу. Негизинен парламентке кирүү боюнча билдирүү жазуу түрүндө 10 күн мурун жиберилиши керек.

Депутат Дастан Бекешев буга каршы. “Парламентке экскурсия кылууну мен баштагам. Мындай практика Тажикстанда жок. Бизге мектеп окуучулары, жергиликтүү кеңештин депутаттары келип-кетип жатышат. Бул процесс татаалдаштырылып жатат",- дейт Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан