Амангелди Жамадилов, активист: “Кыргыз тилинде таза сүйлөй алган атуулдардын аз болгону таң каларлык

“Бишкекте жана айылдарда өскөн балдар кыргыз тилинде сүйлөшсө да, бирин-бири түшүнүшпөйт”,- деп билдирди бүгүн, 24-апрелде кыргыз тилине арналган тегерек столдун жүрүшүндө Амангелди Жамадилов.

Анын айтымында, кыргыз жигиттеринин арасында 3 тилде эркин сүйлөй ала тургандар көп, 4 тилде сүйлөгөндөр да бар. “Бирок буга карабастан, нукура кыргыз тилинде таза сүйлөй алган атуулдар аз болгону таң каларлык. Кыргыз тилин өнүктүрүш үчүн көптөгөн оор программаларды түзүштүн зарылчылыгы жок. Англис тилине көңүл бурсак, аны дүйнөнүн басымдуу бөлүгү жакшы билет”,- деди коомдук ишмер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан