Бишкекте эртең, 25-апрелде Жаштарды колдоо күнү өтөт. Бул тууралуу Эмгек жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага “UN Volunteers” жаштар уюму, Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы, “Кызыл Жарым Ай” коому, Жаштарды өнүктүрүү институту жана КРнын жаштар мекемелеринин өкүлдөрү катышмакчы. Аталган акциянын негизги максаты - калктын аракетин кеңейтүү жана биримдикке чакыруу. |