* 25-апрелди жөөттөр Каармандык жана кайгы күнү катары белгилеп келишет. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында улутчулдардын колунан каза болгон 6 миллион жөөттүн арбагына таазим катары бул күнү холокост курмандыктары эскерилет.

* 25-апрель -
Безгек илдетине каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү.
Безгек - кадимки малярия оорусу. Жер шарында жылына 500 миллионго жакын адам безгек оорусу менен ооруйт. Анын ичинен 2 миллионго жакыны көз жумат. Бул оорудан өзгөчө 5 жашка чейинки балдар азап тартат. Оорудан көбүрөөк жапа чеккендерге Африка континентинин Сахара чөлүнүн түштүгүндө жашоочулар, Түштүк-Чыгыш Азиянын (негизинен Индия, Ооганстан), Таиланддын тургундары кирет.
Кыргызстанда безгек өткөн кылымдын баш чендеринде кеңири жайылган оорулардын бири болгон. Эпидемияга каршы иш-чаралардын жыйынтыгында бул оору өлкөдө 50-жылдары толугу менен ооздукталган. 1980-2000-жылдар аралыгында безгектин жайылышы сейрек мүнөздө болгон. Бирок 2002-жылдан тарта Кыргызстанда безгек оорусу баш көтөрүп, бирок 2006-жылы кырдаал жөнгө салынган.
Безгек (малярия) итальяндардын “malaria” – “жаман аба” деген сөзүнөн алынган. Анткени мурда ооруну жаман аба чакырат деп эсептешкен. Безгек “саз калтыратмасы” деген ат менен да таанымал.

* Мындан 56 жыл мурун, 1958-жылы кыргыздын заманбап тарыхчы-окумуштуусу жана педагогу, доцент, тарых илиминин кандидаты
Нарынбек Алымкулов Нарын облусундагы Нарын районуна караштуу 8-Март айылында туулган.
Нарынбек Алымкулов 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз улуттук университетинин) тарых факультетине тапшырган. Ал жерде кыргыздын башка тарыхчылары Аалыбек Акунов, Муратбек Кожобеков, Мухаммед Мытыев, Жамбила Самиева, саясатчы айымдар Чолпон Жакупова, Замира Акбагышева, акын Алтын Акпарова жана башкалар менен чогуу окуган. Ал эми 1979-жылы Москвадагы Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетине которулган. Университетти аяктаган соң аспирантурада калып, тарых илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.
1980-жылдардын башынан тартып Кыргыз улуттук университетинде, Борбордук Азиядагы Америка университетинде лекцияларды окуган.
Нарынбек Алымкулов 1989-жылы июнда Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын (1995-жылдан бери Кыргызстан тарыхчылар коому) мүчөсү болгон.
Ал эми 1990-жылы Москва шаарындагы архивдерди иликтеп, Бишкек шаарынын тарыхый аталышын калыбына келтирүүдө чоң салым кошкон.

* Мындан 68 жыл мурун, 1946-жылы орусиялык саясий ишмер
Владимир Жириновский Казакстандын Алматы шаарында туулган. Азиаттарды канчалык мактабасын, бирок баары бир өчү бардай жек көргөнүн да жашырбайт. Анткени бала кезинде жергиликтүүлөрдөн көп ыза көрүп калганы бар. Чыгыш тилдер институтунун Түркия жана түрк тили боюнча адистигин артыкчылык менен аяктаган. Кийин Москвада юридика факультетинин кечки бөлүмүн бүтүргөн. "Орус улутунун кечээкиси, бүгүнкүсү жана келечеги" аттуу диссертациясын жактап, философия илимдеринин доктору болгон. 500дөн ашык китептин, анын ичинде 100 томдук "Саясий классиканын" автору. Англис, француз, немец жана түрк тилдерин жакшы билет.
Жылнаама толугу менен бул жакта...