Бүгүн, 27-апрелде Бишкектин эски аянтында II Билим берүү фестивалы болуп өттү. Иш-чаранын максаты -коомчулуктун, ата-энелердин жана балдардын көңүлүн мектепке чейинки, мектептик жана кесиптик-техникалык билим берүү маселесине буруу.
Фестивалдын жүрүшүндө викторина, көргөзмөлөр, мастер-класстар, концерттер жана сынактар өттү. Эски аянттын эки четинде сахналар даярдалып, биринде жаштар арасында батыш бийлери боюнча сынак өткөрүлдү. Экинчисинде окуу жайлардын студенттери улуттук бий өнөрү, эстрада ырын ырдоо жана улуттук аспаптарда ойноо боюнча таланттарын тартуулашты. Ал эми аянттын өзүндө окуу жайлардын жарманкеси уюштурулган.
Билим берүү фестивалы бир эле убакта эски аянтта, Мамлекеттик тарых музейинде жана “Эмен бак” аталышындагы Сүрөтчүлөр союзунун галереясында өтүүдө. Фестивалды “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду өткөрдү.