Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаштар театры Ташкентте өткөн Эл аралык фестивалда ийгилик жаратты

Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаштар театрынын актёру Таалайбек Мамытов жагымдуу жаңылыгы менен бөлүштү. Анын чыгармачыл жамааты 1-18-октябрь аралыгында Ташкентте өткөн Эл аралык фестивалда 1-орунду жеңип кайтканы маалым болду. "Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова маданиятка аябай көңүл буруп, фестивалды да ошол уюштуруптур",- деди Таалайбек Мамытов. Ошондой эле актёр жакында Алматы шаарында өткөн фестивалда белгилүү актёр Марат Жанталиев "Эң мыкты эркек ролу", ал эми Айнура Качкынбек кызы "Эң мыкты айым ролу" деген наамга ээ болуп келишкенин кошумчалады.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан