Жалал-Абад шаарынын жашоочулары жол киренин 15 сомго көтөрүлүп кеткенине нааразы

Жалал-Абаддын Матросов көчөсүндөгү жашоочулар жол киренин 15 сомго көтөрүлүп кеткенине нааразы экенин бүгүн, 29-апрелде Курманбек аймактык башкаруусунда болуп өткөн жыйында билдиришти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Тургундардын айтымында, шаар ичинде таксилер 10 сомдон жүргүнчүлөрдү ташып келишет. Матросов көчөсүндөгү таксилер бир аялдама үчүн да 15 сом алышат.

Ал эми Курманбек аймактык башкаруусунун жетекчиси Шухрат Бурканов аталган таксилерге байланыштуу маселени мэриянын аппарат жыйынына талкууга саларын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Elnuram090
2014-04-29 12:23:34
10сомдук такст бир гана Жалалабадта бар болчу эми 15Сом болду кудайга шугур десе болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан