"Газпромдун" башчысы Кыргызстанды жаратылыш газы менен камсыз кылган социалдык программалар тууралуу айтты 

КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен "Газпром" ААКынын башчысы Алексей Миллер 29-апрелде Кыргызстанды жаратылыш газы менен камсыз кылуу тармагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. 

Жоомарт Оторбаев “Газпромдун” Кыргызстандын газ рыногуна чыгышы тарыхый окуялардын бири экенин айтып, бул кыргыз-орус мамилесиндеги стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи. 

Премьер-министр аталган компаниянын жаңы рынокто иштешине КР Өкмөтү ар тараптан колдоо көрсөтөрүн кошумчалады. “Газпромдун” Кыргызстандын газ рыногуна кириши өлкөнүн энергосистеми үчүн маанилүү. Тажрыйбасы бар компаниянын ишти ийгиликтүү алып кетерине ишенебиз. Силердин компания корпоративдик маданияттын бийик деңгээли менен гана эмес, социалдык программалардын эффективдүүлүгү менен да белгилүү”,- деди Оторбаев. 

Ошондой эле стратегиялык инвестордун өлкөгө тартылышы газ тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу менен бирге Кыргызстандагы газ запастарын өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилеп өттү.

Алексей Миллер “Газпром” жаратылыш газы менен камсыз кылууда ишенимдүү өнөктөш болорун баса белгилеп өттү. “Азыркы тапта макулдашууга кол коюлду. Техникалык маселелерди чечүү гана калды. Биз газды жеткирүү боюнча бардык жоопкерчиликти алууга кепилдик беребиз”,- деди Миллер. 

Мындан сырткары компания Кыргызстандын бардык аймактарында социалдык программаларды ишке ашырууну пландап жатканын кошумчалады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан