КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин “2014-2017-жылдарга электр энергия боюнча КРнын тарифтик саясаты” долбооруна ылайык, 2017-жылга чейин жыл сайын электр энергиясынын баасынын өсүшү пландалууда. Баанын өсүшү 2014-жылдын 1-июлунан тарта жыл сайын өсүп, 2017-жылга чейин 4 эсеге көбөйүшү мүмкүн.
Мындай маалымат коомчулукта кызуу талкуу жаратты. "Бааларды көтөрүп жаткан соң, жарык үчүн төлөнгөн акчалар жана бюджеттен бөлүнгөн каражатты мекеме кандай колдонуп жатат?" дегендер да болду.
Алардын катарында ЖКнын депутаты Дастан Бекешев “Өкмөт электр энергиясынын баасын кымбаттатууга ниеттенүүдө. Мен буга каршымын. Өкмөт алдын ала коррупциялык схемаларды жок кылып, бюджетти ачык-айкын кылсын” деген оюн айтты.
Бүгүн, 30-апрелде КРнын Энергетика жана өнөр жай министри Райымбек Мамыровдун колу коюлган кат аталган министрлик тарабынан мекеменин наркы менен өндүрүштүк чыгымдары жөнүндө дайындалып, депутатка жөнөтүлдү.
Министрликтин маалыматына караганда, электр энергиясынын 2014-жылга карата наркы менен бардык өндүрүштүк чыгымдары төмөнкүчө:
- Материалдык чыгымдар (технологиялык багыттагы жылуулук, көмөкчү материалдар, тарапташ ишканаларды өндүрүш тармагында тейлөө, күйүүчү-майлоочу материалдар) - 1 кВт саат үчүн 31,29 тыйын, анын ичинде “Электр станциялары” ААКсына 1 кВт саат үчүн 21,63 тыйын, “Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү” ААКсына 1 кВт саат үчүн 1,12 тыйын, бөлүштүрүүчү компанияларга 1 кВт саат үчүн 8,54 тыйын;
- Эмгек акысын төлөө фонду (кызматкерлердин айлык акысына, иш өргүүсүнө, үстөк пулга, ооруп, жумушка чыкпай калганда төлөнүүчү каражат жана компенсацияга сарпталган каражат) — 1 кВт саат үчүн 23,68 тыйын. Анын ичинде “Электр станциялары” ААКсына 1 кВт саат үчүн 5,17 тыйын, “Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү” ААКсына 1 кВт саат үчүн 3,22 тыйын, бөлүштүрүүчү компанияларга 1 кВт саат үчүн 15,29 тыйын;
- Амортизациялык чегерүү - 1 кВт саат үчүн 10,08 тыйын. Анын ичинде “Электр станциялары” ААКсына 1 кВт саат үчүн 1,97 тыйын, “Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү” ААКсына 1 кВт саат үчүн 3,89 тыйын, бөлүштүрүүчү компанияларга 1 кВт саат үчүн 4,22 тыйын;
- Салык (жерге жана мүлккө болгон салык) — 1 кВт саат үчүн 4,8 тыйын. Анын ичинде “Электр станциялары” ААКсына 1 кВт саат үчүн 0,98 тыйын, “Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү” ААКсына 1 кВт саат үчүн 0,62 тыйын, бөлүштүрүүчү компанияларга 1 кВт саат үчүн 3,20 тыйын;
- Башка чыгымдар (Токтогул районунда суу жайпап кеткен аянтка төлөнгөн компенсация жана башка чыгымдар) — 1 кВт саат үчүн 5,17 тыйын. Анын ичинде “Электр станциялары” ААКсына 1 кВт саат үчүн 1,55 тыйын, “Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү” ААКсына 1 кВт саат үчүн 0,84 тыйын.
Энергетика жана өнөр жай министрлиги кошумчалагандай, өндүрүштүн наркы өндүрүмдүн жалпы баасын чагылдыра албайт жана мекеменин чыгымдарын камсыздай албайт. Ошол себептүү төмөнкү чыгымдар да бар.
- Алынган насыялардын үстөк пайызын төлөө жана алынган сумманы төлөөгө - 1 кВт саат үчүн 18,96 тыйын. Анын ичинде “Электр станциялары” ААКсына 1 кВт саат үчүн 12,01 тыйын, “Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү” ААКсына 1 кВт саат үчүн 4,95 тыйын, бөлүштүрүүчү компанияларга 1 кВт саат үчүн 2 тыйын;
- Капиталдык салымдарга жана кайра куруу иштерине — 1 кВт саат үчүн 19,95 тыйын. Анын ичинде “Электр станциялары” ААКсына 1 кВт саат үчүн 8,64 тыйын, “Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү” ААКсына 1 кВт саат үчүн 0,88 тыйын, бөлүштүрүүчү компанияларга 1 кВт саат үчүн 8,43 тыйын;
Министрлик маалымдагандай, электр энергиясынын өздүк наркына салыктар (бөлүштүрүүчү компаниялар үчүн электр энергиясын сатып алууга, электр энергиясынын транзити үчүн) 1 кВт саатына 8,41 тыйынды түзөт.
Натыйжада электр энергиясынын 2014-жылга карата өздүк наркы 1 кВт саатына 134,8 тыйынды түзөт.
2014-жылга болгон көрсөткүч төмөнкүчө:
- Киреше – 12 миллиард сом (электр энергиясынан түшкөн каражат 10,4 миллиард сом, экспорттоодо 1 миллиард сом, жылуулук энергия жана ГВС – 0,6 миллиард сом);
- Чыгашанын көлөмү 18,3 миллиард сомду түзөт (отун-суу 3,2 миллиард сом, чийки зат жана материалдар 1,6 миллиард сом, эмгек акысын төлөө фондуна 3,3 миллиард сом, амортизациялык фондго 1,5 миллиард сом, взнос, транзит, ТГЭС жана башкалар үчүн 1,9 миллиард сом, Социалдык фондго, кредитке, ГСМ, салыктарга 4 миллиард сом, капиталдык оңдоп-түзөөгө салым кошууга 2,8 миллиард сом). Жыйынтыгында 2014-жылга карата жетишсиздиктин көлөмү 6,3 миллиард сомду түзөт.
Министрликтин маалыматына ылайык, электр тармагы ички рынокто зыян тартып жатат. Эгер пландуу өздүк наркты эске алсак, 1 кВт саатына 134,8 тыйын. 2014-жылы бөлүштүрүүчү компанияларга орточо тариф 88,6 тыйын болот. Бул ошондо 1 кВт саатына 46 тыйын зыян алып келет.
Андан тышкары каражаттын созулма тартыштыгы толук кандуу оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө, жаңылоого жана жаңы курулуштарды жүргүзүүгө бөгөт коёт. Жыйынтыгы учурда 50 пайызга жеткен кыргыз энергосистеминин негизги жабдууларынын улам начарлашына алып келет. Негизи, жабдуулардын 25 пайызга жеткени кризис катары эсептелинет.