Бала кезде "чоңойгондо ким болосуң?" деген суроого "учкуч, космонавт" деп жооп бергендер арбын. Бирок ал айтылгандар балалык кыял бойдон калып, турмуштун талабына ылайык актуалдуу болуп жаткан кесип ээси болуп чыга келишет.
SUPER.KG порталынын "Мен көргөн бир күн" рубрикасынын бул жолку каарманы Нурсултан Жунусов ошол балалык кыялын унутпай, аны ишке ашыра алган миңдин бири. Учурда ал Бириккен Араб Эмиратында Ил-76 учагында экинчи учкуч болуп иштейт.
Нурсултан 1992-жылы Ош облусунун Кыргыз-Чек айылында төрөлгөн. №87 Сыдык Алайчы уулу атындагы орто мектебинде 8-класска чейин окуган. Андан кийин Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы кыргыз улуттук аскер лицейине тапшырган.
"Учкуч болуу – менин бала кездеги эң чоң кыялым" деген Нурсултан эс тартып калганда да асманды карап учкуч болууну көп самачу. Кыялын ишке ашыруу үчүн мектепте жакшы окуганга аракет кылган. "Өзгөчө математика, физика сабактарына жана спортко көңүл бурдум", - дейт каарманыбыз.
"Орусиядагы жогорку окуу жайда кыялымды ишке ашырдым"
– Учкуч болуу үчүн Орусиянын Краснодар шаарында билим алдым. Окуу жайымдын аталышы – Советтер Союзунун Баатыры Серов атындагы Краснодар жогорку аскердик авиациялык учкучтар училищеси. Бул окуу жайга 2010-жылы тапшырып, 2015-жылы аяктадым.
Андан кийин 2016-жылдын март айынан август айына чейин квалификацияны жогорулатуу максатында Орусиянын Ейск шаарындагы Аскердик-деңиз авиациясынын деңиз авиациясы үчүн учкучтарды кайра даярдоо жана согуштук даярдык борборунда болдум.
Кыялымды орундатуу үчүн басып өткөн жолум мына ушундай ары кызыктуу, ары оор жол болду.
"Учкуч болуу үчүн ден соолук маанилүү"
– Эң биринчи, ден соолукка карайт. Учкуч кесиби – бул өтө жоопкерчиликтүү жана техникалык даярдыкты талап кылган кесиптердин бири. Бул кесип адамдан тактыкты, чыдамкайлыкты, реакциянын тездигин жана стресске туруштук берүүсүн талап кылат.
Негизги талаптар:
"Окуу жайды бүткөндөн кийин мекенге келип, кызмат өтөдүм"
– Окуумду бүтүргөндөн кийин мекенге келип, 2015-2022-жылдары Коргоо министрлигинин Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүндө алгач учкуч болуп иштедим. Андан кийин Ан-26 учагынын экинчи пилоту, кийин командири болдум. Белгилүү бир убакыттан кийин эскадрильянын командиринин орун басары, кийинчерээк командири болуп иштеп жүрдүм.
Учурда Бириккен Араб Эмиратында жеке компанияда жүк ташуучу учакта учкуч болуп иштеп жатам. Бул жактан терең тажрыйба алып, келечекте мекенге кайтып, алган тажрыйбам менен бөлүшөйүн деген ниетим бар.
"Бир жагынан кийимибиз жүдөтсө, бир жагынан аба ырайы учууга ылайыктуу эмес болчу"
– Карантин учурунда бүткүл транспорт токтоп калгандыктан Орусиянын ар кайсы шаарларында окуп жаткан биздин курсанттар окуу жайынан эч жакка кете албай калышкан. Биз алардын баарын чогултуп алып келип жаттык. Кийимибиз учкучтар үчүн атайын форма эмес, вирустан коргонуучу кийим, беткап болгондуктан аябай ыңгайсыздык жараткан. Ошол учурда аба ырайы да учууга ылайыктуу эмес болчу. Бирок биз күндүн ачылышын күтүп, ал жакта кала албайт элек. Себеби бир күн калсак бизди дароо 14 күнгө карантинге калтырышмак. Ошондуктан аба ырайына карабастан учканбыз. Ал маршрут учурунда ар кандай кубулуштарга учурап, тобокелге салып келгенбиз. Ошол учурлар аба ырайы, учуу шарттары жагынан да, кийимдер да ыңгайсыздык жаратып оор болгон.
"Узак учуулар стресске себеп болот"
– Узак учуулар, убакыт алмашуусу, жоопкерчиликтин жогорку деңгээли стресске себеп болот. Бул күнгө чейинки иш убакыттарымда эң узакка созулган учуу адашпасам 8 саатка созулган.
Стресстин алдын алуу үчүн узак учууларда күчөтүлгөн экипаж болот. Андайда кезек менен учабыз. Экипаждын саны учактын маркасына жараша ар кандай болот. Мен учкан учак жүк ташуучу болгондуктан экипаж саны демейде алтоо, күчөтүлгөн болгондо сегизге чейин.
"Ар 6 айда тажрыйбабызды жогорулатуу үчүн атайын тесттерден өтүп турабыз"
– Учуу учурундагы ар түрдүү кырсыктардын алдын алуу үчүн даярдыктарды көрөбүз. Бир нече деңгээлдеги техникаларды жана протоколдорду колдонобуз. Мисалы:
Андан сырткары жыл сайын ар кандай кырдаалдарга даяр болуу үчүн симуляторлордо машыгабыз, квалификацияны жаңыртуу курстарынан өтөбүз. Мисалы, мотор (двигатель) иштебей калса, шассинин бузулушу, аба шарттарынан чыгып кетсе эмне кылабыз ушул сыяктуулардын үстүнөн машыгабыз. Ар 6 айда тажрыйбаны жогорулатуу үчүн атайын тесттерден өтөбүз.
"Ар бир учуу алдында медициналык текшерүүдөн өтөбүз"
– Учууга 1,5-2 саат калганда аэропортко келебиз. Биринчиден, медициналык текшерүүдөн өтөбүз, учууга жарамдуулугубузду текшеришет.
Андан кийин биз учакты сырттан физикалык жагын карап чыгабыз:
Бул этап "walk-around" деп аталат жана 10-15 мүнөттүн ичинде жасалат.
Андан соң учактын ички текшерүүлөрүнө өтөбүз. Авиациялык жабдууларды: авиапилот, радиобайланыш, навигация текшеребиз. Ошондой эле гидравикалык, электр жана аба басым системалары, маршрут, альтернатива маршруттар, отун, ылдамдык, бийиктик – булардын баары текшерүүдөн өтөт.
"Кыялыңарга ишенгиле"
– Кичинекейимде асманга улам карап учкуч болууну көп кыялдангам. Учурда асман менин жумуш ордум болуп калды. Муну менен жаштарга кыялыңарга ишенгиле дегим келет. Учурдан пайдаланып ата-энеме балалык кыялымды четке какпай, колдоп, жол көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип кетем. Кыялымдын орундалуусуна гана эмес, азыр да олуттуу, оор жумушумду түшүнүп, колдоосун берип келген үй-бүлөмө, жубайыма жана жакындарыма терең ыраазымын.
Сөзүн жыйынтыктап жатып Нурсултан учкуч болуунун каалагандарга биринчиден ден соолугуна жакшы карап, спорт менен машыгып, математика, физика, эсеп жактарын жакшы өздөштүрүү керек деген кеңештерин айтып өттү. Анан да психологиялык, физикалык жактан даярданып, эмоционалдык интеллекти жогору болушу керектигин кошумчалап, англис тилин билүү учкучтар үчүн эң маанилүү экендигин баса белгиледи.