Бразилиянын президенти Зеленскийдин 6 жолу жолугушуу өтүнүчүн четке какты

Украинанын президенти Владимир Зеленский Бразилиянын лидери Луис Инасиу Лула да Силвага жолугушууну суранган алты кат жолдоп, бирок дагы деле жооп ала элек. Бул тууралуу Бразилиянын Metrópoles гезити өздүк булактарына таянуу менен жазды.

Колдо болгон маалыматтарга караганда, украин лидери кайрылуулардын бирин 2023-жылдын 27-октябрында, Бразилиянын президенти өзүнүн 78 жылдыгын белгилеген күнү жөнөткөн. Зеленский ошондой эле 2024-жылдын октябрында Рио-де-Жанейродо өткөн G20 жыйынына чакыруу сураган. Бирок Зеленскийге чакыруу берилген эмес.

Зеленский акыркы катын Лула Да Силвага Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына байланыштуу Москвага баруу ниети тууралуу билдирүүсүнөн кийин жиберген. Катта Бразилия президентинин Орусияга сапарынын алдында Украинага келүүсү сунушталган. Бирок бул катка дагы жооп болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан