Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 1-фазасын курууга 400 миллион доллар жумшалат

Кыргызстанда Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 1-фазасын курууга 400 миллион доллар бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда аталган жолдун курулушу боюнча инженердин кеңешчиси Кубанычбек Ормонов билдирди.

Айтымында, 1-фаза 154 чакырымды түзүп, Кызыл-Жылдыз – Арал айылдарын, Казармандан Жалал-Абад шаарына чейин (291-433 чакырым) камтыйт. 

Бүгүн жол курулушунун 1-фазасынын расмий ачылышы болот, ага президент Алмазбек Атамбаев катышат.  

Эске салсак, 2013-жылдын 11-сентябрында КРнын Каржы министри Ольга Лаврова менен Кытайдын Экспорт-импорттоо башкаруу банкынын өкүлүнүн орун басары Лю Ляньгэ Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун курулушуна 400 миллион доллар бөлүү боюнча кредиттик макулдашууга кол коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан