Биз социалдык тармакта

Бишкек шаарынын Куликов көчөсүндө мыйзамсыз чегинен чыккан дубалга карата бузуу чаралары көрүлдү

Бишкек шаардык жеке турак жай департаменти чегинен мыйзамсыз чыгып, муниципалдык чек аркылуу өз чегин кеңейткени үчүн Куликов көчөсүндөгү №5-үйдүн жер тилкесинин кыш дубалын бузуу чараларын көрдү. Бул тууралуу кечээ, 1-майда Жеке турак жай куруу департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул үйдүн ээси дубалын өз чегинен мыйзамсыз чыгарып, муниципалдык чек аркылуу чегин кеңейтип алганы үчүн департаменттин кызматкери тарабынан 7-апрелге чейин дубалды бузуу боюнча эскертме алган. 

Натыйжада жер тилкенин ээси өз каалоосу менен жалпы аянты 11 чарчы метрди түзгөн дубалды 25-апрель күнү бузуп, мурунку калыбына келтирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан