"Айыл-агро-2014" көргөзмөсү: Өкмөттүн трактор, комбайндарын сулуу кыздар элге тааныштырууда (фоторепортаж)

Бүгүн, 14-майда Бишкектеги эски аянтта “Айыл-агро-2014” көргөзмөсү башталды. Иш-чарада 40тан ашуун мамлекеттен 70 чакты айыл чарба техникасы көрсөтүлүүдө. Анда КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев, КРнын Айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев, ЖКнын депутаттары, президент аппаратынын өкүлдөрү катышууда.

Тайырбек Сарпашевдин айтымында, аталган көргөзмө Кыргызстандын дыйкандары үчүн, кыргыз мамлекетинин агроөнөржайынын өнүгүшүнө өтө чоң таасирин тийгизет. “Былтыркыдан айырмаланып, катышуучу өлкөлөрдүн саны кырктан ашты. Эгер былтыр 7 миң адам катышса, ушул жылы бул көрсөткүч 10 миңден ашат деген ишеничтебиз”,- деди ал.

Мындан тышкары КРнын Биринчи вице-премьер-министри дыйкандарга көргөзмөдө көрсөтүлгөн заманбап техникаларды лизинг аркылуу берүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн айта кетти. “Эртең, 15-майда банктар форумунда ушул маселе боюнча банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз”,- деди Сарпашев.

“Айыл-агро-2014” көргөзмөсү 16-майга чейин өтөт.

Эскерте кетсек, былтыркы жылдын көргөзмөсүндө айыл чарба техникасын сатып алуу боюнча 80дей келишим түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
ALISHER.kg84
2014-05-14 13:46:08
Жакшы жетишкендик!!!!!!!
+1
edu.kg
2014-05-14 14:07:35
жакшы жакшы.. Болот экенго ушинтсенер.. Баарынан да биздин кыргыз кыздарыбыздын кийинип алганына уялып турам бул эмне деген а кыыыска кийинипалып качалаган эркектердин алдына турушат чет жерден да келди дейт уят кылыштыго.
+2
Kunnur
2014-05-14 14:24:03
edu.kg, мен да кошулам созунунузго форманы карап койушпаптыр.шамал болсо бардыгы коруно тургандай.Сулуугуна го баа берем соз жок.бирок кийген кийими модага чыккандай
+2
ulanmyrza
2014-05-14 14:19:55
эээ укмуш жерге жазыптыр го
+4
lily27
2014-05-14 14:23:31
Футболканын озун эле кийип алуу мода болуп кетпесе болду эми Жамбашынын жарымын көрсөтүп)))
+1
edu.kg
2014-05-14 16:17:08
lily27, модасы ушуда уят эмеспи дешпейби котологон эркектердин арасында журушот. Тапкан жерин кара жазатурган жерди. Нежен ....... Прихади дегендей эле болуп калыптыр.. Тоообо кылдым дагы номерин жазып койушпаптыр десен. Заманыбыз эмес адамдарыбыз бузулуп баратат заманга карай жаштар биз бузулуп баратабыз бизделе кийебиз модадан калбай.. эми айтаарым абиирибиз менен болсок жакшы болмок. Асты жагына бирнерсе кийип алышса болмок окшоштуруп. Силерда тарткан экенсинер да кабарчылар келиштирип
0
zamazama9
2014-05-14 14:34:10
нужен трахтор?
приходи дейт:)
+3
ulanmyrza
2014-05-14 15:40:36
zamazama9, жакшы дагы тракторду реклама кылып жатат десен, эгер BMVны реклама кылганын элестете да албайтам
0
lampard8
2014-05-15 02:54:57
zamazama9, :) :):):):):)
0
jigitomar
2014-05-16 01:40:37
zamazama9, аны да артына ылдый жагына жазыптыр ойдороок жазбай тракторду ошол кыздар бере тургандай,бир жолу тел.номерин да жазбаптыр
0
indeec
2014-05-14 16:46:22
Трактор го бар сокосу кереги жок беле? керек болсо кошуп алсыныз соонун болот эле
0
Mech.kg
2014-05-14 17:30:33
Уят уят уят секс менен маданятты аралаштырып олтурушту.
+1
yasmina_kg
2014-05-14 17:52:11
Чет олкону туураганыбыз го.Бирок алар кычыраган женил машиналарды тааныштырат.Андан коро ыймандуулука чакырсак болот эле.Эч болбогондо кыргыз кийимин кийип чыгышса бомок.Жамбашы менен приходи дебей.
0
baibai71
2014-05-14 23:02:11
Жок дегенде бирден панталон кийип,сакал мурут коюп алышса болмок.Айылчарба тех коргондор тех карабай эле кыздарды карап жаткан чыгаар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан