Жогорку Кеңештин депутаттары сентябрь айынан баштап атайын чиптер менен гана добуш бере башташат. Муну парламенттин 28-майдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди. Муну менен депутаттардын мыйзамдарга добуш берүү процесси жакшыра турганы айтылды. “Ар бириңерге чип берилет, аны саймайынча каттоодон өтө албайсыңар. Запасы болбойт, унутуп калсаңар үйүңөргө барып келесиңер”,- деп билдирди төрага.