Бишкекте жасалма ачкыч менен үйлөргө уурулукка кирип жүргөн 2 адам кармалды

Бишкек ШИИБи билдиргендей, бүгүн, 11-январда Бишкекте уурулук иштерине шектүү жарандар кармалды. 

Алардын бири Бишкек шаарынын жашоочусу, мурда 3 жолу соттолгон 32 жаштагы Казакстандын жараны Талгат М. Кылмышка шектүү жаран 2000-2001 жана 2010-батирлерди талап-тоноо фактысы боюнча камалып чыккан. Бул адам менен бирге учурда Бишкек шаарында жашап жаткан Ысык-Көл облусунун 28 жаштагы тургуну Азим Т. аттуу жаран дагы кармалды. 

Бул эки адам 2 жылдын ичинде 25 батирге уурулукка кирип, тоногонун моюнга алышып, учурда 

аларга “уурулук” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди Бишкек ШИИБи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jooshbala
2013-01-12 06:25:48
Ушундай иштеш керек ....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан