Кечээ, 11-январда саат 19:30 чамасында Ош шаарында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык башчысы, милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди атып кетишти. Бул тууралуу Ош шаардык ИИББден билдиришти. Маалыматка ылайык, Т.Шоноев жумуштан Ак-Тилек кичи районундагы үйүнө келип, унаасын токтотуп жаткан кезде белгисиз кишилер унааны аткылашкан. 35 жаштагы Т.Шоноевдин 9 жерине ок тийип, окуя болгон жерден каза болгон. Ош шаардык ИИББнин башчысы Сүйүн Өмүрзаков маалымат жыйын өткөрүп, бул факт боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Кылмыштын бетин ачуу үчүн Ош шаардык жана Ош облустук ИИББнин өздүк курамы ыкчам изилдөөнү баштады. Бүгүн, 12-январда УКМК, Ош облустук прокуратурасы, Ош облустук ИИББи тарабынан ведомство аралык комиссия түзүлдү. Азырынча буйрутма өлтүрүү кесиптик ишмердүүлүгү үчүн деп шектелүүдө. Маркумдун артында беш баласы жана жубайы калды.