“Ала-Арча” көрүстөнүнө белгилүү мусулман инсандарынын сөөгү бир гана өкмөттүн уруксаты менен коюлат. Бирок айрым чыгаан инсандардын сөөгү киндик каны тамган жерлерине коюлууда. Союз убагынан бери “Ала-Арча” көрүстөнүндө Кыргызстандын миңге жакын белгилүү инсандарынын сөөктөрү коюлган”,- деп SUPER.KG порталына Аза күтүү кызматынын директору Болот Карамуратов билдирди.
Көрүстөндүн жалпы аянты 31 гектар. Бир маркум үчүн 10 чарчы метр жер бөлүнөт. Бирок айрымдарынын эстеликтери чоң көлөмдө болгондуктан, алардын аянты чегинен ашып кетүүдө.
“Эгерде каза тапкан белгилүү инсандын жубайы же жолдошу да белгилүү инсан болсо, ага жер бөлүнгөндө дароо эки жер бөлүнөт. Себеби кийин кайра орун бөлүштүрбөй, күйөөсү-аялы жанаша коюлсун деген максатта”,- дейт Б.Карамуратов.
Борбор калаадагы тарыхый мемориалдык “Ала-Арча” көрүстөнү 1940-жылы негизделген. Ал эми 1973-жылы атайы бөлүнгөн аймакта орун жок калгандыктан, расмий түрдө жабылган. Ошол эле жылы аталган көрүстөнгө кошумча жер аянты бөлүнүп, ал кайрадан ишке кирген. Бүгүнкү күндө аталган жайда калган бош орундар 3-4 жылга гана эсептелинген.
Аза күтүү кызматынын жетекчисинин айтымында, учурда жер маселеси курчууда. Айрым көрүстөндөрдө орун жок калып, жабылууда. Ошол эле Чоң-Арыктагы көрүстөндө бүгүнкү күндө орун жок. Сөөк коюу үчүн тоонун боорунан орун берилген. Бирок ал жакка эч ким жакынын койгусу келбейт. Себеби ал жакка чыгып кайра түшүүдө, унаанын чыгуусунда бир катар кыйынчылыктар катталат.