Учурда Ош-Эркеч-Там унаа жолунун тосулуп турган аймагында абал туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Анын айтымында, Ахматбек Келдибековдун боштондугун талап кылып жол тосуп тургандар тынч жана эч кандай баш аламандыктар жок.
“Эл арасында "жол тоскондорго ОМОН келет экен", "даярдык көрүү күчөдү" деген маалыматтар тарап кеткен. Бирок учурда эч кандай баш аламандык жок. Баары тынч. 200гө чукул киши жолду бууп турат жана 19 боз үй тигилип турат”,- деди ал.
Ал эми Ош – Эркеч-Там унаа жолун 27-майдан бери бууп тургандар менен жолугушууга бүгүн вице-премьер Абдырахман Маматалиевдин келиши күтүлүүдө.