Жогорку Кеңештин Экономика жана фиксалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 17-июнда салык кодексине толуктоолорду киргизүү демилгесин жактырды. Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев курулуш компанияларына салык салуу системине өзгөртүү киргизүүгө багытталган мыйзам долбоорун талкууга алып чыкты. Анын айтымында, бүгүнкү күндө компаниялар ар башка салык төлөмдөрүн төлөп келишет. "Бул тармактагы процессти жеңилдетүү үчүн салык келишимдерин түзүү сунушталат. Ага ылайык, компаниялар ар бир чарчы метр аянт үчүн 900 сомдун тегерегинде салык төлөп калышат",- деди ал. |