Алайда жол тоскондор бийлик өкүлдөрүнүн сөзүнө көнбөй жатышат

Бүгүн, 17-июнда Алай районунда Ош - Эркеч-Там жолун тоскондор менен вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов сүйлөшүү жүргүзүүдө. Сүйлөшүү тынч маанайда уланууда. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. Айтымында, сүйлөшүү жол тосулуп турган аймакта жүрүп жатат. Бийлик өкүлдөрү жол тосуу мыйзамсыз экенин түшүндүрүп, жолду ачууну өтүнүшүүдө.

Депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары талаптары аткарылбаса, жолду ачпай турганын айтышууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан