17-июнда КРнын Тышкы иштер министринин орун басары
Аскар Бешимов Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси
Ци Даюй менен жолугушту.
Анда тараптар эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүк багытындагы кызматташтыкты бекемдөө талкууга алынды. Буга чейин КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 18-21-май күндөрү Кытайга болгон иш сапарында бул багытта да кызматташуу макулдашылган.
Жолугушууда негизинен эки өлкө биргеликте иш алып бара турган экономикалык ири долбоорлорду иш жүзүнө ашыруу маанилүү экени айтылды.
Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.