Бакиевдердин жакын адамы Евгений Гуревич 5 жылга эркинен ажыратылды

Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин каржылык кеңешчиси Евгений Гуревич 5 жыл 3 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Нью-Йорк шаарындагы Бруклин федералдык соту Е.Гуревичти 2012-жылы “Фейсбук” компаниясынын акцияларын сатып алууга байланыштуу алдамчылык кылмышына күнөөлүү деп тапты. Анын жактоочусу Марк Агнифило: “Гуревич "Фейсбукка" акча жумшайм” деген шылтоо менен М.Бакиевди алдап, андан акча уурдаган. Ошол эле учурда кардарым АКШ менен кызматташкан”,- деди соттук отурумдун жүрүшүндө.

“Мындан тышкары адвокат Е.Гуревич Бакиевдердин иши боюнча тергөөгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн ага 5 жылдык сыноо мөөнөтүн сураган. Бирок сот бул өтүнүчтү канааттандырбай койду”,- деп жазышты басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан