Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 17-июндагы жыйынында "КРнын судьяларынын статусу жөнүндө" КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.
Депутат Абдыманап Кутушевдин айтымында, мыйзам долбоору Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 27-декабрында кабыл алган чечимин аткаруу максатында иштелип чыкты. "КРнын судьяларынын статусу жөнүндө" мыйзамдын кийинчерээк жокко чыгарылып калган "судьяларга карата кылмыш иши башкы прокурор тарабынан козголот" деген ченемге кайрадан кайтып келүү сунушталууда.
"2012-жылы мыйзамга кезектеги түзөтүү киргизилип, ага ылайык, облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлоруна да судьяларга карата кылмыш ишин козгоого уруксат берилген. Аны азыр Конституциялык палата конституциялык ченемге жатпайт деп тапкандыктан, мындай жобону жокко чыгаруу зарылдыгы келип чыкты",- дейт депутат.