Жогорку Кеңеште “Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык шериктештигинин Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Макулдашуу шарттарына ылайык, ЕврАзЭШтин Кризиске каршы фонду айыл чарба техикаларын сатып алуу үчүн Кыргызстанга 20 миллион доллар жеңилдетилген насыя бөлөт. Насыя 1 пайыз үстөгү менен 20 жылдык мөөнөткө күрөө коюусуз берилет. Анын алгачкы 8 жылында насыя пайызы төлөнбөйт.
Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевдин айтымында, насыя дыйкандарга айыл чарба техникаларын лизингге сатып алуу үчүн 9 пайыз үстөгү менен 7 жылдык мөөнөткө берилет. Ал банктар ага дагы 20 пайыз үстөк кошот. Негизинен Орусия менен Беларусь техникалары сатылып алынууга тийиш.