Бишкек – Ош жолунун эки участогун оңдоо иштери 2015-жылы башталат

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык жамаатынын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралууда. Баяндамачы - транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов. Келишим шарттарына ылайык, ЕврАзЭШтин Кризиске каршы фонду Бишкек - Кара-Балта (52 чакырым), Маданият - Жалал-Абад (67 чакырым) жолун калыбына келтирүү үчүн Кыргызстанга 60 миллион доллар жеңилдетилген насыя бөлөт. Насыя 1 пайыз үстөгү менен 20 жылдык мөөнөткө күрөө коюусуз берилет. Анын алгачкы 8 жылында насыя пайызы төлөнбөйт. 

Министр депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып оңдоо иштери 2015-жылы башталарын айтты.

Сиздер бул мыйзам долбоорун ратификациялоодон өткөрүп берсеңиздер, ушул жылы консультанттарды кабыл алып, кийинки жылы июнь айында баштайбыз. Ал 3 жылдын ичинде бүткөрүлөт”,- деди Султанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан