Кыргызстандагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн эс алуу уюштурууга 5 миллион сом бөлүндү

КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева Кыргызстандагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн эс алуу уюштурууга 5 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди. Бул тууралуу 18-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. "Окуу жылы аяктады. Балдар коопсуз жана дүйнө таанымын кеңейтүүгө өбөлгө боло турган эс алууга татыктуу. Балдарга эс алууну уюштурууга киришкендер милдеттерин жоопкерчилик менен аткарышы керек. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн 5 миллион сом бөлүндү. Каражат эс алууну уюштурууга жана алардын тамак-ашына сарпталышы керек. Бул маселе көзөмөлгө алынат",- деди Сариева.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан